Коом

Мектептеги өлүм менен аяктаган чырдан кийин 26 милиция жазаланды

Бишкек шаарынын жана Ош облусунун 26 милиция кызматкери ишиндеги шалаакылыгы жана кемчилиги үчүн жазаланды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Мектептердеги чыр-чатактан улам эки баланын

өлүмү менен коштолгон окуялардан кийин ИИМде кеңешме өтүп, жыйынтыгында төмөнкү кызматкерлер иштен алынды:

Ленин РИИБинин жетекчисинин орун басары Нарис Кыдырбаев;

№2 ШМБнүн башчысы Талгат Бердибеков жана анын орун басары Айдар Асакеев;

жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын башчысы Акылбек Абдимуталов;

Кара-Суу РИИБинин башчысы Тилек Өмүралиев жана анын орун басары Сталбек Суюнов;

аймактык милиция бөлүмүнүн башчысы Муратбек Айтиев.

Мындан тышкары, милдеттерине шалаакы мамиле жасагандыгы үчүн Ленин РИИБинин жана Ош облусунун Кара-Суу райондук ИИБнүн 19 кызматкери тартиптик жоопкерчиликке тартылган.

Эске салсак, 12-февралда, Кара-Суу районунун Каратай айылындагы №39 Адылбек Султанов атындагы орто мектепте окуучулар уруша кетип, натыйжада 9-класстын окуучусу каза болуп калганы, ал эми 11-класстын окуучусу кылмышка шектелип кармалганы кабарланган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button