Коом
Кыргызстанга жаңы учактарды сатып алуу пландалууда

Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин директору Данияр Бостонов билдирди.
Анын айтымында, президент Садыр Жапаровдун Берлинге болгон иш сапарынын алкагында Airbus компаниясынын президенти Йохан Плисье менен жолугушкан. Анда тараптар жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө учуу үчүн жаңы учактарды Airbus заводунан түз сатып алуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашкан. Кыргызстан Airbus A320neo жана A321neo моделиндеги учактарды алууну көздөп жатат.
«Учурда «Кыргызстан аэропорттору» ачык акционердик коомунун жетекчилиги, «Асман Эйрлайнс» авиакомпаниясы жана Airbus’тын өкүлдөрү менен бул учактарды сатып алуу мүмкүнчүлүгү боюнча активдүү сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», — деди ал.
Белгиленгендей, сатып алынганы жаткан учактар 170-180 жүргүнчүгө ылайыкталган.