Коом
Айыл чарба министрлиги картошканы экспорттоого тыюу салбай калды

Министрликтеги Чечимдерди ишке ашыруу башкармалыгынын башчысы Нурлан Жумаев акыркы үч жылда картошка арзан болуп, дыйкандар сата албай жүргөнүн, быйыл киреше табууга мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн белгилеген.
«Экспортко тыюу салалы деп ойлогонбуз, бирок дыйкандардын көбү картошка айдагандыктан коңшу өлкөлөргө сатып, экспорттоого мүмкүнчүлүк бердик. Азыр картошка Бишкек менен Ош шаарларында 50 сомдон 70 сомго чейин сатылууда. Баа турукташып калды, коңшу мамлекеттерге караганда арзан. Ошондуктан тыюу салган жокпуз«, — деген Жумаев Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн брифингде.
Буга чейин бийлик картошканы экспорттоого убактылуу тыюу салууну карап жаткан.



