Окуялар
Бишкек – Ош унаа жолунун 428-441-чакырымында сел жүрдү

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, учурда жолдун бир тарабы ачылып, экинчи тарабын тазалоо иштери уланууда.
Белгиленгендей, аталган тилкеде 5 жерден сел түшүп, жолду бөгөп калган.
Окуя болгон жерге министрликтин №38 Жол эксплуатациялык мекемесинин кызматкерлери тартылып, жолду тазалоо иштерин жүргүзүүдө.
“Учурда жолду тазалоо иштерине тиешелүү техникалар тартылган. Жолду толук ачуу жана унаалардын коопсуз каттамын камсыздоо боюнча тиешелүү иштер уланууда”, – деп белгиленет билдирүүдө.



