Дүйнө

Непалда нааразылык акциясынан улам премьер-минист кызматтан кетти

Непалда нааразылык акциясына чыккан калк премьер-министр Шарма Олинин резиденциясын өрттөп, Оли кызматын тапшырганын «India Today» маалымдады. «Шейшемби күнү демонстранттар премьер-министр Шарма Олинин Балкот шаарындагы жеке резиденциясынын жанына чогулуп, дүйшөмбү күнкү адам өлүмү менен коштолгон окуяга жоопкерчилик алууну талап кылышты», — деп айтылат «Himalayan Times» басылмасы берген маалыматта. Өкмөт мүчөлөрү аскердик тик учактар менен эвакуацияланып, алардын үйлөрү да өрттөлгөн. Катмандудагы эл аралык аэропорт жабылып, бардык каттамдар токтотулду.

Непал өкмөтү социалдык тармактарды колдонууга карата киргизилген тыюу салууну массалык нааразылык акцияларынан кийин алып салды.
ЖМКлардын маалыматы боюнча, акцияларда кеминде 19 адам каза болгон. Чечим 9-сентябрда жаштардын, өзгөчө Z муунунун талабына жооп катары кабыл алынганын байланыш министри Притхви Субба Гурунг билдирди.

Тыюу салуу Жогорку соттун буйругу менен киргизилип, социалдык тармактардан Байланыш министрлигинде катталып, мониторинг жүргүзүүгө макулдук берүү талабынан улам киргизилген. «Facebook», «Instagram», «X» (Twitter) жана «YouTube» сыяктуу популярдуу платформалар бул шарттарды аткаруудан баш тартышкан. Катманду жана башка шаарлардагы нааразылык акциялары полиция менен кагылышуулар, суу аткычтарды, көздөн жаш агызуучу газды жана резина окторун колдонуу менен коштолгон. Айрым райондордо коменданттык саат киргизилип, көчөлөргө аскер чыгарылган. Колдонуучулар Непалда социалдык тармактар байланыш жана жаңылык үчүн гана эмес, бизнес жана туризм үчүн да маанилүү экенин баса белгилешет. Бул өз учурунда өлкөнүн экономикасынын негизги тармагы.

Тектеш кабарлар

Back to top button