Коом

«Рамазан Чатыры» социалдык долбоору: Кыргызстанга Кореянын белгилүү блогери Даун Ким келет — ВИДЕО

«Рамазан Чатыры» – Кыргызстанда ОБФ «Аль-Умма» жана жөнөкөй жарандардын колдоосу менен ишке ашып жаткан уникалдуу социалдык долбоор. Ал 8 жылдан бери өткөрүлүп келет. Ыйык Рамазан айынын жүрүшүндө «Рамазан Чатырында» күн сайын маданий программа менен коштолгон ифтардык кечелер уюштурулуп, негизинен коомдун аялуу катмарына көңүл бурулат. Алардын катарына жетим балдар, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, аз камсыз болгон көп балалуу үй-бүлөлөр, жалгыз бой энелер, карылар жана башка муктаждар кирет.

Бул долбоордун максаты – турмуштук сыноолорго туш болгон адамдарга көңүл буруу, алар үчүн майрамдык атмосфера түзүү жана жөнөкөй, кайдыгер эмес жарандарды бириктирүү аркылуу гуманитардык жардам көрсөтүү.

Бишкек жана Ош шаарларында өткөрүлгөн бул долбоор коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынып, тынчтыкты, ынтымакты жана боорукерликти жайылткан уникалдуу демилге катары бааланган. Ошондой эле, бул иш-чаралар эл аралык жана жергиликтүү медиада кеңири чагылдырылып, Кыргызстандагы Рамазан айын майрамдоонун өзгөчө улуттук колоритин даңазалаган. Мындан сырткары, бул долбоор элдердин достугун бекемдөөгө жана жаш муунду жарандык активдүүлүккө, муктаждарга кам көрүүгө тарбиялоого чоң салым кошууда.

«Рамазан Чатыры» Ыйык Рамазан айы бою иштеп, 5000ден ашуун конокту кабыл алат.

Быйыл «Рамазан Чатыры» долбоору өзгөчө мааниге ээ, анткени Кыргызстанга белгилүү конок – Дауд Ким келет. Анын бул иш-чарага катышуусу жана колдоосу долбоорго өзгөчө боёк кошот.

Дауд Ким (@jaehan9192) – Түштүк Кореядан келген дүйнөгө белгилүү инфлюенсер, блогер, медиа инсан жана кайрымдуулук ишмери. Анын 5 миллиондон ашуун аудиториясы бар жана аны менен жолугушууну дүйнө жүзүндө миңдеген адамдар күтүп келишет, — деп билдирди «Аль-Умманын” директору, коомдук ишмер – Элиана-Марьям Сатарова.

https://www.youtube.com/shorts/7HvouxLSQDY?feature=share

Шилтемени бассаңыз Дауд Кимдин Кыргызстан элине кайрылган видеосун көрө аласыздар.

Эскерте кетсек, былтыр 2024-жылы “Рамазан Чатыры” долбоорунун чакыруусу менен белгилүү түрк ашпозчусу Бурак Оздемир Кыргызстанга келип, Улуу рамазан айында кайрымдуулук иш чарасын өткөрүп кеткен.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button