СЭК эксперттери бажы кызматкерлерин жасалма VIN-номерлерди жана коштоочу документтерди табууга үйрөтүштү

Акыркы убакта кузовунун идентификациялык номерлери (кузов коддору) бар стикерлерди жасалмалоо жана өзгөртүү, ошондой эле автомобилдердин чыгарылган жылын бурмалоо учурлары көбөйдү, бул бажы төлөмдөрүн төмөндөтүүгө алып келет.
Буга байланыштуу КР Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын эксперттери Түндүк-Чыгыш бажысынын кызматкерлерине автотранспорт каражаттарын ташып келүүдө бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качууга каршы туруу боюнча окутуу сабактарын өткөрүштү.

Семинардын жүрүшүндө транспорт каражаттарын идентификациялоонун негизги аспектилери каралды:
— этикеткалоо кийлигишүүлөрүн аныктоо үчүн унааны текшерүү ыкмалары;
— кыймылдаткычтын чыныгы чыгарылган жылын жана көлөмүн аныктоо критерийлери;
— унаанын маалыматтарын текшерүү үчүн интернет булактарын колдонуу;
— документтердин баштапкы мазмунун өзгөртүү фактыларын аныктоо.

Түндүк-Чыгыш бажысынын ыкчам бөлүмүнүн кызматкерлери бүгүнкү күндө кузовдун идентификациялык номурларын жасалмалоо боюнча 10дон ашык учур аныкталганын, натыйжада автоунаалардын жашы жасалма түрдө өзгөргөнүн белгилешти. Мындай аракеттер ЕАЭБтин жана Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарын олуттуу бузуу болуп саналат жана административдик жана кылмыш жоопкерчилигине алып келет.



