Сата албайт, өзү гана колдонот. Чет элдик номер тагылган унааларды мыйзамдаштыруу 1-мартта башталат

Унаа каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Бакытбек Шералиев бүгүн, 24-февралда «Биринчи радионун» түз эфиринде чет элдик номерлүү унааларды мыйзаштаруу өнөктүгү кандай жүрөрү жана кайсы унаа ээлерине чектөөлөр болору тууралуу айтып берди.
Анын айтымында, чет элдик номер тагылган унааларды мыйзамдаштыруу иши үч бөлүп каралат.
«Биринчи баскыч өлкөгө мыйзамдуу кирген унааларга тиешелүү болот. Алар — тиешелүү документтери бар, (ташылып келген өлкөдө – ред.) каттоодон чыгарылган унаалар.
Эгер алар Россия жана Армениядан каттоодон чыгарылган болсо, алар мыйзамдаштырылып, кадимки мамлекеттик номер алышат. Аларга эч кандай чектөө болбойт», — деди ал.
Экинчи баскычта тиешелүү документтери жок чет элдик номерлүү унаалар мыйзамдаштырылат.
«Бул баскычта унаанын коопсуз экенин ырастаган күбөлүк алуу керек деген талап коюлат. Бул унаалар каттоого алынат. Аларга белгилүү бир чектөөлөр коюлат. Мисалы аларды башка бирөөнүн атына кайра каттоого, Кыргызстандын аймагынан чыгарууга, башка бирөөгө айдаганга берүүгө тыюу салынат. Аларга №10 аймак деп өзүнчө мамлекеттик номер берилет», — деди ал.
Ал эми үчүнчү баскычта унаанын коопсуз экенин ырастаган күбөлүк берилбеген чет элдик номерлүү унаалар каралат. Алар каттоого алынбайт.
«Бул унаанын ээлери аларды өлкөдөн чыгарып кетүүгө же тетиктерге бөлүүгө туура келет», — деди Шералиев.
Чет элдик номер тагылган унааларды мыйзамдаштыруу иши 1-мартта башталып, 31-августка чейин созулат. Анын алкагында чет өлкөлүк номер, анын ичинде армениялык жана абхазиялык номер тагылган оң рулдуу унаалар мыйзамдаштырылат.



