Коом

Камчыбек Ташиев IV Элдик Курултайдын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү

2025-жылдын 26-декабрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, генерал-полковник Ташиевдин демилгеси менен республиканын аймактары боюнча «IV Бүткүл элдик Курултайдын» өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүлдү. Бул тууралуу атайын кызматтан кабарлашты.

Жолугушуу эркин форматта өтүп, ага жалпы 50гө жакын делегат катышты. Белгилей кетсек, ГКНБ КРнын штаб-квартирасында делегаттардын мындай жолугушуусу тарыхта биринчи жолу болду.

Алгач чакырылган коноктор үчүн УКМКнын штаб-квартирасы боюнча чакан экскурсия уюштурулуп, анда алар жаңы имаратта коопсуздук кызматынын кызматкерлери үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышышты.

Андан соң УКМКнын жетекчилиги делегаттарды чай үстүндө кабыл алып, пикир алмашуу болду. Өз сөздөрүндө делегаттар К.Ташиевдин УКМК кызматкерлери үчүн татыктуу шарттарды түзүүдөгү жогорку салымын белгилеп, мунун кызматтын натыйжалуулугун жана кесипкөйлүгүн жогорулатуунун маанилүү фактору экенин баса көрсөтүштү. Анын демилгеси жана түздөн-түз катышуусу менен социалдык-тиричилик шарттарды жакшыртууга, материалдык-техникалык камсыздоону күчөтүүгө жана кызматкерлердин социалдык корголушунун деңгээлин жогорулатууга багытталган чаралар ырааттуу түрдө ишке ашырылып келет.

Өз кезегинде УКМКнын жетекчилиги көрсөтүлгөн колдоо, жарандык активдүүлүк жана коюлган милдеттерди чечүүгө көмөктөшкөндүгү үчүн делегаттарга чын ыкластуу ыраазычылык билдирди.

Ошол эле учурда мындай биримдик жана өз ара түшүнүү кызматташууну бекемдеп, жалпы максаттарга жетүүгө өбөлгө түзөрү белгиленди.

Делегаттар тарабынан көтөрүлгөн суроолор жана сунуштар ишке алынып, бир катар багыттар боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.

Тектеш кабарлар

Back to top button