Коом
Эки жылда 18 миңдей мас айдоочу күбөлүгүнөн ажыратылды

Белгилүү болгондой, 2023-жылдын 8-мартынан тарта мас болуп кармалган айдоочуларды унаа башкаруу укугунан ажыратуу нормасы иштей баштаган. Ага чейин аларга 17,5 миң сом айып салынчу.
Жаза күчөтүлүп, бирок тиешелүү натыйжасын бербегендиктен, мас айдоочулар үчүн жазаны дагы катаалыраак кылуу пландалууда.
Жол милициясынын сунушу боюнча, мас айдоочуларды эки жылга күбөлүктөн ажыратуу каралууда. Эгер бул жоругун кийин кайталаса, 4 жылга айдоочулук күбөлүктөн ажыратуу пландалууда.



