Коом
Баткен шаарында 10 миң орундуу футбол стадиону курулат

Анын курулушун баштоого бүгүн, 26-февралда УКМКнын төрагасы, Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев капсула салды.

Стадиондун жалпы аянты 10 гектарды түзүп, негизги футбол талаасынан тышкары машыгуу үчүн 3 оюн талаа жана 4 кичи футбол аянтча, кийим алмаштыруучу бөлмөлөр курулат.
Ошондой эле стадиондун аймагында оюнчулар үчүн 100 кишилик жатакана, унаа койгонго 200 орундуу токтотмо жай салынат.



