Коом
Бишкектен Вьетнамга түз аба каттамы ачылды

Бишкек — Нячанг — Бишкек жаңы каттамы жумасына үч жолу аткарыла турганын «Кыргызстан аэропорттору» компаниясы билдирди.
“Каттам «Компас» туроператору менен биргеликте ишке ашырылып, кыргызстандыктарга Вьетнамдын алдыңкы курорттук борборлорунун бирине түз учууга мүмкүнчүлүк берет”, — деп жазылган маалыматта.
2025-жылы компания Кыргызстандан дагы 3-5 жаңы туруктуу эл аралык каттамды ачууну максат кылып жатканы кошумчаланды.
@abal-kg



