Коом

Бишкектеги мектепте көздү ачыштырган баллон чачылып, 2 окуучу ооруканага жаткырылды

Кечээ, 27-февралда Бишкектеги мектептердин биринде окуучулардын биринин чөнтөгүнөн көздү ачыштырган баллон түшүп кетип, бөлмөгө чачылган. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Мектеп жетекчилиги тез жардам кызматын чакырып, эки бала ооруканага жаткырылып, дарыгерлердин көзөмөлүндө. Ошондой эле укук коргоо кызматкерлери жана өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери келип, тыюу салынган буюмду алып келген ата-энелерге жана балага түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button