Коом

УКМК: Күйүүчү-майлоочу майлардын контрабандасына бөгөт коюлду

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан Чүй облусунун көзөмөл-өткөрүү пункттарында жана стационардык пункттарында коррупциянын көрүнүштөрүн аныктоого, ошондой эле күйүүчү-майлоочу майлардын КР аймагына контрабандалык жол менен кирүүсүнө бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө 2 оор жүк ташуучу унааны солярка менен кармашкан.

Чалдыбар айылындагы жеке үйлөрдүн биринде эч кандай коопсуздук нормаларын сактабастан күйүүчү-майлоочу майларды Казакстан Республикасынан чакан партиялар менен алып чогултуп, кийин андан ары сатуу үчүн түштүк аймактарга оор жүк ташуучу унаалар менен жөнөтүлүп жатканы аныкталган.

Маалыматты каттоо журналына катталган материалдардын негизинде, 2023-жылдын 3-мартында “Сосновка” стационардык постунда 2 “DAF” автоцистернасы кармалган. Текшерүүнүн жыйынтыгында пломбалардын бүтүндүгүн бузуу, ошондой эле күйүүчү-майлоочу майларга жасалма коштоочу документтерди колдонуу фактылары аныкталган. Бул унаалар айып унаа токтотуучу жайга киргизилип, мөөр басылды.

Учурда “Чалдовар-авто жол” көзөмөл-өткөрүү пунктунда жайгашкан көзөмөлдөө кызматтарынын (МСК жана ЧК) тиешелүү кызмат адамдарынын чөйрөсүн аныктоо жана мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтурууга багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button