Министр: Кыргызстанда ооруканаларга акча табууга мүмкүнчүлүк берүү керек

Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев дагы бир ирет айтты.
“Айлык акыны сөз жок көтөрүү керек. Бул баарына түшүнүктүү,бирок Финансы министрлигин күтүп отура берүүгө болбойт, ооруканалардын мыйзамдуу түрдө акча табуусуна мүмкүнчүлүк түзүп бериш керек. Ойлонуп көрсөңөр, ЖОЖдордоокуу негизинен келишимдик негизде. 10-15%ы эле бюджетте окуса, калганы акча төлөйт. Азыр бир тойго ырчы чакырсаң кеминде 8 миң сом бересиң. Анан эмне үчүнбиз айына 30 миң сом алган дарыгерлерден акысыз дары-дармек, тамак-аш, убакыт
бөлүүсүн талап кылабыз? Бейтаптар абдан нааразы. Баарыбыз саламаттык сактоосистемасы менен врачтарды бизге милдеткер кылып көнгөнбүз. Бул туура эмес, медиктерге мындай мамилени токтотуш керек”, — деген министр журналист АлтынайАрстанбекова менен сүйлөшүп жатып.
Ал кыргызстандыктарды дарыгерлердин артынан телефон көтөрүп
алып чуркабай, урматтоого чакырды.
“Дарыгерлердин 95%ы — коррупционер эмес, абийири менен иштеген патриоттор. Ушундай айлык акы менен иштеп жатышат. Региондогу врачтын баарына жыл сайын сыйлык берип турмакмын”, — деген Чечейбаев.



