Коом

Телефон шылуундардан акчаңызга сак болуңуз. Улуттук банктын эскертүүсү

Улуттук банк соңку маалда телефон шылуундары көбөйүп жатканын эскертип, кыргызстандыктарды сак болууга чакырды.

«Адатта алар өзүн коммерциялык же Улуттук банктын өкүлү катары тааныштырып, кардардын жеке маалыматы сыртка чыгып кетпеши үчүн акчаны коопсуз эсепке которуу керектигин айтат. Ошол эле маалда алар чалган телефон номери, башкы банктын логотиби коюлган жасалма документтер көрсөтүлүшү мүмкүн. Шылуундар акчаны кардардын өз колу менен котортуп же онлайн-насыя алдыртканга үлгүрөт», — деп айтылат маалыматта.

Адистер банктын кызматкери эч убакта жогоруда айтылган себептер менен чалбай турганын эскертет.

«Өзүңүз жөнүндө (ИНН, ПИН-код) маалыматты ырастабаңыз, текшерилбеген шилтемелерге кирбеңиз. Эгерде шылуундарга кабылсаңыз банктын расмий номерине чалып, кабарлап коюңуз», — деп билдиришти Улуттук банктан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button