Коом

Ишенип берилген мүлктү өзгөчө ири өлчөмдө ыйгарып алган жаран Алматыдан кармалды

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Интерполунун Улуттук Борбордук бюросунун кызматкерлери Казакстан Республикасынын укук коргоо органдары менен биргеликте эл аралык издөө жарыяланган жарандын жүргөн жерин аныктоо жана кармоо боюнча атайын операция жүргүзүштү.
Кармоо иш-чарасы Алматы шаарында жүргүзүлүп, ыкчам иш-чаралар Кыргыз Республикасынын ИИМдин Казакстан Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн жардамы менен жүргүзүлдү.


2024-жылдын июнь айында Ленин райондук ички иштер башкармалыгына ишкерлик менен алектенген Бишкек шаарынын тургуну алдоо жолу менен өзгөчө ири өлчөмдөгү мүлктү ыйгарып алган жаранга карата чара көрүүнү суранган. 2024-жылдын май айынан июнь айына чейинки убакыт аралыгында Борбор калаадагы базардын аймагында жеке ишкерге жалданып иштеген кызматкер товар сатуудан түшкөн 2 000 000 сомдон ашык суммадагы акчаны өзүнө ыйгарып алган.
Мындан тышкары, ишкердин ишенимине кирип, товарды ар кандай керектөөчүлөргө сатуу шылтоосу менен аталган кызматкер 69000 АКШ доллары суммасында накталай акча каражатын ээлеп алган.
Андан соң ал өлкө аймагынан “Ак-Жол” көзөмөл-өткөрмө бекети аркылуу качып чыгып, Алматыга жайгашканы белгилүү болгон. Келтирилген материалдык зыяндын жалпы суммасы 8 112 000 сомдон ашык.
Жогорудагы фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесинин 4-бөлүмүнүн 1-бөлүгү (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу” менен кылмыш иши козголуп, Чүй облусунун тургуну 1989-жылы туулган З.И.ге сыртынан айып тагылган. Бул жарандан башка жабыр тарткандар бар экени боюнча маалымат бар.
2024-жылдын июнь айында ага Интерпол линиясы боюнча мамлекеттер аралык жана эл аралык издөө жарыяланган. Жакында эле, изделип жаткан 1989-жылы туулган З.И. Алматы шаарында кармашты. Маалыматка ылайык, ал башка өлкөлөргө жашыруу аракетин көргөн.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Интерполунун Улуттук Борбордук бюросу алдамчылык фактылары көбөйүп жаткандыгына байланыштуу, жарандарды сак жана этият болууга чакырат.
Кылмышкерлер биргелешип бизнес жүргүзүү шылтоосу менен жогорку кирешени убада кылып, акча каражаттарды алуу максатында азгыра башташат. Интернет алдамчылыгынан сак болуңуздар. Өзгөчө чет өлкөлүк ишкерлик келишимдерге же башка өлкөнүн жарандары менен болгон иштиктүү мамилелерге келгенде этият болуу сунушталат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button