Саясат
Депутаттарга кайрадан кызматтык унаалар берилди

Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.
Буга чейин вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев эл өкүлдөрүнө кызматтык унааларды кайтарып берүүнү сунуштаган. Ал унаалар депутаттарга эл менен тыгыз иштешүүгө жана маселелерди аймактарда чечүү үчүн керектигин айткан.
Белгилей кетсек, мурдагы чакырылыштын депутаттары кызматтык автоунаа алуудан толук баш тарткан эле. 2022-жылы ЖКдагы аял депутаттарга кызматтык машинаар берилген.