Коом
Кытай Ак-Суу — Балыкчы темир жолун Бедел ашуусу аркылуу курууну сунуштады

Мындай демилгени КЭРдеги Ак-Суу округунун губернатору Адили Али Бишкекте минккаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев менен жолукканда айтты.
Тараптар өткөн жылдын сентябрь айында ачылган Бедел өткөрүү пунктунун инфраструктурасын өнүктүрүү маселесин талкуулашкан.
«Бедел» — Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы үчүнчү өткөрүү пункту болуп калды. Буга чейин Садыр Жапаров жакын арада Барскоон — Үчтурфан — Ак-Суу автомобиль жолу куруларын айткан.