УКМК: Мыйзамсыз диний үгүт иштерин жүргүзгөн 3 чет элдик жаран кармалды

Бул тууралуу УКМКНын маалымат борборунан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, КР УКМК Ысык-Көл облустук ИИБнын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы менен биргеликте «Слово божье» (Compel) диний кыймылынын мыйзамсыз диний-пропагандалык ишмердүүлүгүнө бөгөт койду.

Тактап айтканда, тергөөгө чейинки текшерүү материалдарынын алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чаралардын жүрүшүндө Ысык-Көл районундагы пансионаттардын биринин аймагында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын аккредитациясы жок, мыйзамсыз диний үгүт иштерин жүргүзүшкөн 3 чет өлкөлүк жаран кармалды.
Чет мамлекеттин аталган жарандарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 142-беренесинде каралган укук бузуулар жөнүндө протоколдор түзүлүп, айып пул салынды.





