Коом

Бишкекте массалык иш чараларды пландаштыруу жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча семинар өттү

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

2026-жылдын 21-апрелинен 23-апрелине чейин Бишкекте массалык иш-чараларды пландаштыруу жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча Улуттук семинар өттү.

Иш-чара КР УКМКнын Антитеррордук борбору тарабынан Бишкектеги ЕККУнун Программалык кеңсесинин жана ЕККУнун трансулуттук коркунучтарга каршы аракеттенүү департаментинин колдоосу менен уюштурулду.

Семинардын ишине Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эл аралык катчылыгынын, министрликтер менен ведомстволордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жеке иш-чара уюштуруучулардын (kassir.kg, ticket.kg), ошондой эле антитеррордук коргонуу жана ири коомдук иш-чаралардын коопсуздугу боюнча эл аралык эксперттердин өкүлдөрү катышты.

Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын аймагында массалык иш-чараларды даярдоо жана өткөрүүдө коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча долбоордун үстүндө жүргүзүлүп жаткан иштердин уландысы болду. Семинардын алкагында массалык иш-чаралардын коопсуздугун камсыздоонун заманбап ыкмалары талкууланып, Франциянын Ички иштер министрлигинин жана Спорттук коопсуздук боюнча эл аралык борбордун эксперттери дүйнө чемпионаттары жана 2024-жылы Париж шаарында өткөн Олимпиадалык оюндар сыяктуу ири спорттук иш-чараларда коопсуздукту камсыз кылуу боюнча практикалык тажрыйбалары менен бөлүштү.

КР УКМКнын Антитеррордук борборунун директорунун орун басары: «Массалык иш-чараларды пландаштыруу жана өткөрүүдө жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу — улуттук коопсуздуктун артыкчылыктуу багыты болуп саналат. Бул семинар улуттук тажрыйбаны эл аралык эксперттердин сунуштары менен айкалыштырууга мүмкүндүк берди, бул келечекте мындай иш-чараларды пландаштырууда кыйла натыйжалуу ыкмаларды иштеп чыгууга шарт түзөт» — деп баса белгиледи.

Семинардын катышуучулары КР УКМКнын Антитеррордук борборунун демилгесинин актуалдуулугун жана өз учурунда көтөрүлгөнүн белгилешти.

Тектеш кабарлар

Back to top button