Коом

Кыргызстанда январь–июль айларында 976 ымыркай чарчап калган

Кыргызстанда январь–июль айларында бир жашка чейинки 976 бала чарчаган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин отчетунда айтылат.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын ушул эле мезгилинде чарчаган ымыркайлардын саны 923тү түзгөн.

Быйылкы жылдын январь–июль айларында ымыркайлардын өлүмүнүн негизги себептери:

  • перинаталдык мезгилде пайда болгон абалдар — 664 бала (чарчаган ымыркайлардын жалпы санынын 68 пайызы);
  • тубаса өнүгүү кемтиктери — 161 ымыркай (16 пайыз);
  • дем алуу органдарынын оорулары — 86 бала (9 пайыз).

Белгилей кетсек, энелердин жана ымыркайлардын өлүмүнүн көрсөткүчтөрүн жакшыртуу маселеси Саламаттык сактоо министрлигинин акыркы коллегияларынын биринде көтөрүлгөн.

Буга чейин министрлик 2030-жылга чейин перинаталдык кызматты реформалоону пландап жатканын билдирген.

Негизги багыттардын катарында:

үй-бүлөнү пландаштыруу боюнча иштерди өнүктүрүү каралган.

кош бойлуу аялдарды көзөмөлдөө жана бейтаптарды тиешелүү медициналык мекемелерге жөнөтүү системасын өркүндөтүү;

медициналык жардамдын сапатына басым жасоо менен антенаталдык көзөмөл стандарттарын кайра кароо;

пренаталдык скринингдин заманбап технологияларын киргизүү;

генетикалык лаборатория түзүү;

Тектеш кабарлар

Back to top button