Коом
Бишкек мэриясы борбор калаа менен Ош шаарларындагы жол тыгындарын жоюунун жаңы жолун сунуштоодо

Бийлик автокөлүктөрдүн мамлекеттик номердеги акыркы сандарына карата бөлүп, кезек-кезеги менен айрым күндөрү гана жүрө турган мыйзам долбоорун иштеп чыккан.
Алар төмөнкүдөй болмокчу:
Эгерде автоунаанын номери 1 жана 2 саны менен аяктаса, анда аларга дүйшөмбү күндөрү жүрүүгө болбойт.
3 жана 4 менен аяктагандар — шейшембиде.
5 жана 6 — шаршембиде.
7 жана 8 — бейшембиде.
9 жана 0 — жума күндөрү жүрүүгө болбойт.
Графикти бузган жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом айып салынат.
Мындай чектөө саат 07:00дөн 21:00гө чейин киргизилет.



