Азербайжан Кыргызстанга акысыз 10 өрт өчүрүүчү унаа берди

2025-жылдын 22-мартында Баку шаарында Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Максат Мамытканов Азербайжан Республикасы тарабынан кайтарымсыз негизде берилген 10даана атайын өрт техникасын өткөрүп берүү аземине катышты. Бул кадам Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана анын оперативдүү потенциалын жогорулатууга багытталган.
Аземдин жүрүшүндө Элчи М.Мамытканов азербайжан тарапка өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга жардам берген техникалык жардам үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле, Азербайжандын Өрт кызматынын өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюудагы жана заманбап технологияларды колдонуудагы олуттуу тажрыйбасын эске алуу менен, ал КРнын ӨКМнин өрт коопсуздугу жаатындагы адистерин даярдоо жана кайра даярдоо жаатында кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдирди.



