Коом
Минкаб соцтармакта «фейктерди» аныктай турчу Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борборун жойду

Тиешелүү токтомго Адылбек Касымалиев кол койду.
Мекеменин финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары министрликтин борбордук аппаратына өткөрүп берилет.
Аталган борбор интернетке жана ЖМКга мониторинг жүргүзүү, жарандарды жалган маалыматтардан коргоо үчүн былтыр 12-августта түзүлгөн.



