Спорт

Эркин күрөш боюнча курама команда Азия чемпиондугунан келди

Бүгүн, 2-апрель күнү эркин күрөш боюнча курама команданын мүчөлөрү Иорданиянын Амман шаарында өткөн Азия чемпиондугунан кайтып келди.

Спортчуларды «Манас» эл аралык аэропортунан Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Мелис Тобокелов жана туугандары тосуп алышты.

Эске салсак, 70 килограммга чейинки салмакта катышкан Эрназар Акматалиев алтын медалга жана 74 килограммга чейинки салмак категориясында Орозобек Токтомамбетовкүмүш медалга ээ болушкан.

Улуттук курам башкы машыктыруучу Азат Мирахимов, улук машыктыруучулар Эламан Догдурбек уулу жана Илгиз Жакыпбековдунжетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button