Коом
Борбор калаага Беларусь мамлекетинин коргоо министри келди

Кечээ, 26-ноябрда «Кант» орус аскер базасында Кыргызстандын коргоо министринин орун басары Азизбек Байбалаев Виктор Хренин жетектеген Беларусь делегациясын тосуп алды.
Делегациянын сапары Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин саммитине катышуунун алкагында ишке ашырылууда. Андан соң Бишкек шаарында коргоо министри Руслан Мукамбетов Виктор Хренин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.


Жолугушуунун жүрүшүндө коргоо ведомстволорунун ортосундагы эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланды. Тараптар 2026-жылга карата министрликтер аралык эки тараптуу кызматташуу планын түзүштү.



