Коом

Жалал-Абадда томолой жетим балдар батир жана жер тилкеге ээ болду

Жалал-Абадда прокурордук актылардын негизинде томолой жетим балдар батир жана жер тилкеге ээ болушту. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу максатында Жалал-Абад облусунун прокуратура органдары тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында 4 томолой жетим бала турак жай менен камсыз болбогондугу аныкталган.

Натыйжада Майлуу-Суу шаарынан 2 балага батир, Токтогул районунан 1 балага жана Тогуз-Торо районунан 1 балага жер тилкелери бөлүнүп берилди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button