Коом

Боордун рак оорусуна каршы табигый каражат табылды

Кытайдын Тяньцзинь университетинин изилдөөчүлөр тобу силибинин деп аталган табигый кошулма боор рагынын өсүшүн баса аларын аныкташты. Бул тууралуу Кытайдын “ЭКД” маалымат агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, бул зат шишик клеткалары үчүн энергиянын маанилүү булагы болгон лактат ташуу механизмин бузат.

Илимпоздор боор рагы активдүү лактат колдоноорун аныкташкан. Бул шишиктин өсүшүнө жардам берет жана организмдин иммундук реакциясын басат. Лактат ташуу MCT1 белогу аркылуу ишке ашырылат. Салттуу кытай дары чөбүнөн алынган сибилинин MCT1 `дин иштөөсүн бөгөттөйт.

Эксперименттер бул ыкманын клетка өсүмдүктөрүндө жана лабораториялык жаныбарларда натыйжалуулугун тастыктады.

Илимпоздор бул ачылыш шишиктеги зат алмашууну тереңдетип гана тим болбостон, терапиянын жаңы ыкмаларын иштеп чыгууну да жакындатканын баса белгилешет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button