Коом

Эртең Бишкектин батыш тарабында суу өчүрүлөт

Эртең борбор калаанын табыш тарабында суу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирет.

Маалыматка ылайык, 10-апрелде саат 10:00дөн 24:00гө чейин Алыкулов көчөсү —  Кустанай көчөсү — ЧЧК — Ала-Арча суусу —  Рыскулов көчөсү (Дэн Сяопин проспектиси) — Интергельпо — темир жол линиясы, ошондой эле (Пригородное)  Юбилейная  көчөсү — Горький  көчөсү—Садовая көчөсү (Пригородное) — ЧЧК менен чектешкен аймактарда, Аскер шаарчасы, Кызыл Аскер  конуштарында, 110-квартал, Достук кичи райондорунда суу болбойт.

Ичүүчү суу «Батыш» суу алгычында жана шаардагы таза суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button