Коом
ЖКда эмделбеген балдар мектепке алынбайт деген маселе көтөрүлдү

Депутат Бактыбек Чойбеков президенттин өкүлүнө Билим берүү министрлигинин чечимин дыкат карап чыгууну табыштады. Эл өкүлү бул жерде медициналык эмес, конституциялык маселе болуп жатканын белгиледи.
“Кызамык коркунучтуу оору, эмдөө маанилүү, бирок бул медициналык эмес, конституциялык маселе. Конституция ар бир адам билим алууга укуктуу деп жазылган. Айрым балдардын вакцина алууга болбойт деген медициналык көрсөтмөсү болот. Оорукана эмес, ФАП болбогон айылдарыбыз бар. Аларга балдарыңар экинчи сорттогу дейбизби же билим алууга татыктуу эмес дейбизби? Маселени дыкат карап чыккыла”, — деди Чойбеков.



