Коом

УКМК: Мыйзамсыз ташылып бараткан 1млн сомдук энергетикалык ичимдиктер кармалды

Аткезчилик жүк менен ташылып бара жаткан энергетикалык ичимдиктер кармалды, — деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 8-майында УКМК Чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте Баткен районунун Жаңы-Жер айылынын аймагында (Сох анклавына жакын жерде) “Мерседес Бенц Спринтер” жана “Фольксваген Крафтер” үлгүсүндөгү автоуналардын айдоочулары Б.Н., жана С.М., токтотушкан. Алар жалпы баасы 1 миллион сомдон ашык болгон 6 060 банка энергетикалык суусундуктарды ташып бара жаткандыгы аныкталган.

Бул факты маалыматтарды каттоо журналына катталып, азыркы учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button