Коом
Бишкектеги түтүн каптаган полигон токойго айланары айтылды

Президенттин администрациясы тазаланган таштанды полигонуна отургузулган бактар бүчүр байлаганын жазып, эми тамчылатып сугаруу ыкмасы колдонуларын кабарлады.
Өлкө башчынын маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков аталган жайдын видеосун жарыялаган.
«Карга-кузгун байырлап, түтүн каптаган полигон эми жашыл бакка, токойго айланат. Ал жерге таштандыны кайра иштеткен завод курулуп жатат. Мурдагыдай талааны каптаган акыр-чикир болбойт. Таштанды заводдо күйгүзүлүп, андан электр энергиясы өндүрүлөт. Калдыктары курулуш багытында иштетилет», — деп жазган Орунбеков.