Коом

Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруунун алкагында 214 үй сүрдүрүлөт

Бул тууралуу транспорт министринин орун басары Алмаз Тургунбаев парламентте билдирди.

Ал 191 үй Жалал-Абад облусунун Сузак районунда, калганы Нарын облусунда жайгашканын айтты.

Министрдин орун басары үйлөрү түрттүрүлө турган жарандарга компенсация төлөп берилерин белгиледи.

Кыргызстан — Кытай — Өзбекстан темир жолунун жалпы узундугу болжол менен 530 чакырымдан ашат, анын ичинен 304 чакырымга жакыны Кыргызстандын аймагынан өтөт.

Тектеш кабарлар

Back to top button