Окуялар
Бишкекте үч адам киши колдуу өлтүрүлгөндүгү айтылууда

16-февралда Бишкекте 3 адамдын өлтүрүлгөндүгү тууралуу бир нече жергиликтүү маалымат каражаттары өздүк булактарына таянуу менен жазып чыгышты.
Андагы маалыматтарга караганда, окуя 5-кичи райондо катталган. “Аял киши, өспүрүм кыз жана жаш бала киши колдуу болгон. Шектүүлөр кармала элек”,— деп жазышты.
Окуя боюнча милиция маалымат бере элек.


