УКМК: Бишкектеги №67 мектептин мыйзамсыз менчиктештирилген 751,2 кв.метр аянттагы имарат мамлекетке кайтарылды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, КР УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген социалдык объектилерди жана инфраструктурларды кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында жалпы аянты 751,2 кв.м. болгон Бишкек шаарындагы №67 мектептин жеке имаратын менчиктештирүүдө мыйзам бузуу фактысы болгондугу аныкталды.


Такталгандай, 1988-жылы Бишкек шаарындагы №67 мектептин имаратынын базасында Кошумча компьютердик кабинеттер — СССР илимдер академиясынын илимий-окуу комплексинин Фрунзедеги филиалынын Космос илим-изилдөө институтунун атайын конструктордук бюросунун (АКБ КИИ) муктаждыктары үчүн 11 окуу кабинети (1-кабат) жабдылангандыгы аныкталган. Аталган АКБ КИИ кийинчерээк АКБ «А», ал эми 1992-жылы «А» акционердик коому болуп өзгөртүлгөн.


Андан соң кийинчереек социалдык объектилер үчүн менчиктештирүү жол-жобосун жүргүзүүдө белгиленген тартипти бузуу менен жайлар жеке менчикке сатылган.


КР УКМК тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында жогоруда аталган окуя ырасталган учурда мекеменин учурдагы ээси менчиктештирүү учурундагы мыйзам бузуулар фактысы менен макул болгон жана жайды мамлекеттин менчигине акысыз өткөрүп берген.
Белгилей кетсек, жогоруда аталган «Н» жайы учурда мектеп окуучуларын ЖРТга даярдап жана бул жаатта репутацияга ээ болуп билим берүү мекемеси тарабынан пайдаланып жаткан.
Ал эми «Н» билим берүү мекемесинин бүтүндүгүн эске алуу менен ал жайларды мындан ары пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик менен түзүлгөн келишимдин негизинде кыска мөөнөттүү ижарага алууга укуктуу.


Маалымат катары: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2019-жылдын 9-октябрындагы №535 токтомуна киргизилген акыркы өзгөртүүлөргө ылайык, мурдагы менчик ээлери мамлекеттик менчикте турган имараттарды ижарага жана пайдаланууга укуктуу.



