Эверест чокусун багындырган биринчи кыргыз айымы — Асель Байбагышева тууралуу кызыктуу фактылар

Кыргызстандын тарыхында Эверест чокусун багындырган алгачкы жана азырынча жападан жалгыз кыргызстандык айым — Асель Байбагышева болуп калды. Ал дүйнөнүн эң бийик чокусуна 54 жаш курагында жана 54 саатта чыккан.
Орточо альпинисттер Эверестке 80–90 саатта чыгышса, Асель Байбагышева бул чокуну бар болгону 54 саатта багындырган, бул — өзгөчө жогорку көрсөткүч. Бул анын күч-кубатынан жана мыкты даярдыгынан кабар берет.

2025-жылдагы альпинизм сезонунда ал айымдардын ичинен Эверестке биринчи болуп чыккан.
Белгилүү альпинист Кадыр Сайдилкан да анын жетишкендигине жогору баасын берип, төмөнкүдөй оюн билдирди:
“Асель Байбагышеванын бул эрдигин жогору баалайбыз. Анын күчү, кайраты жана кубаты бизди таң калтырды!”
Асель Байбагышеванын бул ийгилиги — кыргыз аялдары үчүн үлгү болчу тарыхый жетишкендик катары эсте калмакчы.



