Коом
Калкты тейлөө борборлору 1-июндан баштап түшкү тыныгуусуз — саат 8:00дөн 20:00гө чейин иштеп баштайт

Жаңыртылган иш тартибине алгач жети бөлүм өтөт:
▪Бишкектеги экинчи бөлүм
▪Каракол шаарындагы бөлүм
▪Ош шаарындагы бөлүм
▪Баткен шаарындагы бөлүм
▪Шопоков шаарындагы бөлүм
▪Кочкор айылындагы бөлүм
▪Сузак айылындагы бөлүм
Калган борборлор дагы акырындык менен 12 саат иштөө тартибине өтүшөт. Мындай өзгөртүү жарандарга мамлекеттик кызматтарды алуу ыңгайлуу болушу үчүн киргизилүүдө. Буга чейин тейлөө борборлору саат 9:00дөн 18:00гө чейин түшкү тыныгуу менен иштешчү.



