Медиа

«Айтматов» тасмасынын режиссеру «Бриллиант көпөлөк» кинопремиясынын сыйлыгына татыды

Кыргызстандык режиссер Каныбек Калматов «Айтматов» тасмасы үчүн «Бриллиант көпөлөк» ачык Евразия кинопремиясынын мыкты режиссура үчүн сыйлыгын алды.

Киносыйлыктын уюштуруучулары билдиргендей, сыйлык тапшыруунун экинчи аземи 12-ноябрда Москвада, «Никита Михалковдун «12» чеберканасында» өттү. Бул жылы сыйлыктар үчүн 19 өлкөдөн 41 тасма ат салышты, тогуз өлкөнүн кинематографисттери лауреат болушту.

«Айтматов» тасмасы — жазуучу Чынгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылык жолу тууралуу автобиографиялык драма. Жазуучунун өмүр баянын экрандаштыруу укугун Калматов анын уулу Элдар Айтматов менен түзүлгөн макулдашуу боюнча алган. Тасманын башкы продюсери — Тимурлан Ташиев. Долбоор жеке демилге менен түзүлгөн.

Мыкты тасма үчүн башкы сыйлыкты Никита Высоцкий менен Илья Лебедевдин «Август» тасмасы (Орусия) алды. Дүйнөлүк кинематографияга кошкон салымы үчүн сыйлык СССРдин эл артисти Алиса Фрейндлихке тапшырылды.

Башка лауреаттардын арасында сценарист Алиреза Мотамеди (Иран), оператор Александр Плотников (Казакстан), актриса Дананир Мубин (Пакистан) жана композитор М. М. Киравани (Индия) бар.

Back to top button