Коом
Ашууларда кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Республиканын тоолуу аймактарында жана айрым унаа жолдорунда кар көчкүсү түшүп, кар күрткүсү пайда болуу коркунучу сакталууда. Синоптиктер айдоочуларды этият болууга чакырат.
Кыргызгидромет кызматынын маалыматына караганда, бүгүн, 16-ноябрдан 19-ноябрга чейин өлкөнүн тоолуу райондорунда, ошондой эле Каракол-Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт.
Адистер эскерткендей, бул күндөрү жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Андыктан жол кырсыктарынын алдын алуу максатында унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.



