Коом
Кадамжайда автоэнбаштык кылып, милицияга пара сунуштаган жаран кармалды

Кадамжай районунда 27 жаштагы Э.И. аттуу жаран Мерседес-Бенц 320 үлгүсүндөгү автоунаасын автоэнбаштык менен айдап бара жатып, милиция кызматкерлери тарабынан токтотулган. Унаасы тиешелүү тартипте милициянын убактылуу токтотуучу короосуна киргизилип, окуя маалыматтардын электрондук журналына катталган.
Жаран мыйзамдуу чара көрүлбөшү үчүн милициянын айылдык бөлүмчөсүнүн башчысына акча сунуштап, пара берүү аракетин жасаган. Бирок бул аракет дароо Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баткен облусу боюнча ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалып, Э.И. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (“Пара берүү”) боюнча жоопко тартылууда.



