Коом

Кыргыз-тажик чек арасына тартылып жаткан тикенек зымын абактагылар чыгарууда 

Бүгүнкү күнгө карата 48 чакырым зым чыгарып берилгенин Жаза аткаруу кызматынын төрагасынын орун басары Улан Жолдубаев билдирди.

Ал Чек ара кызматы менен келишим түзүлгөнүн, чек арага тартыла турган зымды толугу менен абактагылар чыгарып берерин кошумчалады. 

Жолдубаев ошондой эле соттолгондорду өндүрүш иштерине тартуу үчүн азыр эки инвестор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалады. 

“Келишимдерге майдын аягы, июндун башында кол коюлуп калса, абактагы 500дөй адамды жумушка тартабыз”, — деди ал. 

Тектеш кабарлар

Back to top button