Ички иштер органдарынын жетекчилери үчүн ИИМдин аппараттык кеңешмеси өттү

2025-жылдын 21-майында ИИМдин жайындар залында онлайн форматта ИИМдин аппараттык кеңешмеси өттү.
Анда 2 маселе каралып, жалпы билим берүү мекемелеринде акыркы коңгуроо учурунда коомдук тартипти, жол коопсуздугун камсыздоо жана жайкы туристтик мезгил учурунда жергиликтүү эс алуучулардын жана чет өлкөдөн келген коноктордун коопсуздугун камсыздоо иш-чаралары жөнүндө талкууланды.
Аппараттык кеңешменин жүрүшүндө ИИМдин жетекчилиги тарабынан 26-май күнү жалпы республика боюнча жалпы билим берүү мекемелеринде акыркы коңгуроо салтанаттары белгилене турганы, анда коопсуздук чараларына өзгөчө көңүл буруу керектиги айтылды.
«Ички иштер органдарынын кызматкерлери жалпы коопсуздукка жана жол коопсуздугуна түздөн-түз жооптуу болуп саналат.
Мектеп окуучуларынын арасында мыйзам жана тартип бузууларды болтурбоо, жаш өспүрүмдөргө карата жасалган кылмыштарды алдын алуу боюнча күчөтүлгөн тартипте иш алып барыңыздар. Иш-чараларды өткөрүүдө бүтүрүүчүлөргө, алардын ата-энелерине акыркы коңгуроо аземдеринен сырткары отуруштарды, экскурсияларды же ар кандай көңүл ачууларды өткөрүүгө тыюу салынарын эскертиниздер»,-деди Улан Ниязбеков.
Андан соң, жайкы туристтик мезгил учурундагы коопсуздук чаралары талкууланып, туристтик мезгилде жарандардын жана чет өлкөдөн келген меймандардын коопсуздугун камсыздоо жогорку деңгээлде жүргүзүү керектиги баса белгиленди.
Онлайн чогулуштун жүрүшүндө министр Улан Ниязбеков жергиликтүү элдин жана чет элден келген коноктордун коопсуздугун сактап, коомдук жайларда жана жарандар эс ала турган аймактарда кылмыштарга, одоно тартип бузууларга бөгөт коюп, жол кыймылынын коопсуздугун жогорку деңгээлде камсыздоо – бардык ички иштер органдарынын негизги милдети экенин баса белгиледи. Андан сырткары, туризмди өнүктүрүүдө коомдук тартип менен жарандардын коопсуздугу манилүү ролду ойной турганын айтты.
Жогоруда аталган маселелер боюнча ички иштер органдарынын жетекчилеринин алдына бир катар тапшырмалар коюлуп, кынтыксыз аткаруу талабы коюлду.



