Спорт

Кыргызстандан барган балбандар  Индиядагы мелдештен 23 медаль утту

Кыргызстандык балбандар Индияда өткөн алыш бел боо күрөшү боюнча Азия чемпионатында жалпы 23 медаль алышты.

Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.

Өлкөдөн барган спортчулар 11 алтын, 8 күмүш жана 4 коло медалга ээ болушту. Улуттук тайпа командалык эсепте 23 медаль менен биринчи орунду алышты.

Мелдеш Индиянын Дели шаарында болгон. Ага кыздар да, балдар да катышып байге алган.

Тектеш кабарлар

Back to top button