Чоң-Алай районунда түзүлгөн ишкана 2 айда 13,6 млн сом киреше тапты
Чоң-Алай районунда “Луненг” жеке компаниясы ээлик кылган көмүр кенинин лицензиясы жокко чыгарылып, мамлектеке кайтарылды. Аталган компания, 10 жыл аралыгында мыйзам бузуу жолу менен көмүр казып келгени аныкталган. Тактап айтканда, компания өзүнө таандык тилкеден тышкары чыгып, мамлекетке тийешелүү тилкедеги көмүрдү казып кеткен.
Көмүр кени мамлекеттин балансына өтүп, “Чоң-Алай көмүр” мамлекеттик ишканасы деп түзүлдү. Чоң-Алай районунун акими Темирболот Абыкеев, “Чоң-Алай көмүр” мамлекеттик ишканасынан түшкөн киреше менен 3 жыл аралыгында район дотациядан чыгарын айтты.
“Кен мамлекетке иштеп баштаган 2 айдын ичинде көмүр казуудан дээрлик 54 млн сом (53,9 млн) жүгүртүлгөн. Анын таза кирешеси 13,6 млн сом болду. Кирешебизге керектүү жабдыктарды сатып алып, видео көзөмөл орнотуп, 3 чакырымдан зым тартып баруу иштерин уюштурдук. Кудай буюрса 3 жыл ичинде Чоң-Алай району дотациядан чыгабыз деген ишенимдебиз”,-дейт Чоң-Алай районунун акими Темирболот Абыкеев.
Көмүр кендин мамлекетке өтүшү менен жергиликтүү тургундар үчүн да иш орундар пайда болгону белгиленди. Жалпы 100гө жакын жумуш орду түзүлгөн.



