Коом

Баткенде милиция кызматкерлери адам өмүрүн сактап, сыйланышты

Баткен облусунда өткөн Эл аралык Ыр майрамында милиция кызматкерлери коомдук тартипти камсыздоо менен гана чектелбестен, адам өмүрүн сактап калууда да ыкчам жана кесипкөйлүк менен аракет кылышты.

Сүлүктү ШИИБдин аймактык ыйгарымдуу өкүлү, милициянын кенже лейтенанты Музаффар Чокуев эл көп чогулган учурда эпилепсиясы кармап, эс-учун жоготкон 30 жаштагы жаранга биринчи медициналык жардам көрсөтүп, анын өмүрүн сактап калды.

Ал эми Кадамжай РИИБдин капитаны Тынчтыкбек Топчубаев жана Баткен ШИИБдин улук лейтенанты Мустафахан Акматов катуу жаандын учурунда дем албай калган 2 айлык наристени тез жана так аракеттер менен аман алып калышып, дарыгерлерге жеткиришкен.

Бул кайратмандыктары үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов үч кызматкерге Баткен облусунун 25 жылдыгына карата юбилейлик медалдарды тапшырды. Ошондой эле Баткен ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги Улан Жукенов өз милдетин так жана жоопкерчилик менен аткарып жаткан 25 кызматкерге Ардак грамоталарды тапшырып, коом коопсуздугу үчүн сиңирген эмгектери үчүн ыраазычылык билдирди.

Тектеш кабарлар

Back to top button