Коом

Садыр Жапаров Бишкекте «Алга» спорт комплексин ачты

Президент жаңы спорт комплексинин инфратүзүмү, анын ичинде күрөш жана машыгуу залдары, кийим алмаштыруучу бөлмөлөрү, административдик имараттары, ошондой эле 142 орундуу мейманканасы менен таанышып чыкты.

Учурунда “Эмгек резерви” деп аталган бул спорттук комплекс 1954-жылы курулган. 7,4 гектарды ээлеген комплекс кийин кароосуз калып, эми толугу менен реконструкциядан өттү.

Тектеш кабарлар

Back to top button