Дүйнө
Грецияда жугуштуу Нил вирусунан 20 адам каза болду

Грецияда быйыл Батыш Нил вирусунан 20 адам каза болду. Бул тууралуу дүйнөлүк ММК жазып чыкты.
Грециянын улуттук саламаттык сактоо мекемеси (EODY) тарабынан жасалган билдирүүдө, вирустун өлкөнүн ар кайсы аймактарында 20 кишинин өлүмүнө себеп болгону белгиленди.
Акыркы жумада 5 жаңы учурдун аныкталганы кабарланган билдирүүдө, чиркейлерге каршы жеке коргонуунун маанисине басым жасалды.
Вирустун өзгөчө Кардича, Лариса, Трикала, Иматиа, Салоники, Пела, Пиерия, Килкис, Серрес, Халкидики, Кавала, Драма, Родоп, Ксанти, Мерич, Кастория, Арта жана Йоаннина аймактарында аныкталганы маалымдалды.
Адистер жуктарган учурлар көбөйөт деп кооптонушууда.



