Коом

Мамлекеттик каражаттарды пайдаланууда 13,1 миллиард сомго мыйзам бузуулар аныкталды

Бул тууралуу  Эсептөө палатасынын 2024-жылга карата парламентке тапшырган отчётунда айтылды.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы 2024-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары боюнча жылдык отчётун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунуштады. Бул документ мыйзам талаптарына ылайык, көзөмөл органы тарабынан ар жыл сайын даярдалып, парламентке тааныштырылат.

Отчёт 2025-жылдын 16-июнунда Жогорку Кеңештин Парламенттин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинде каралды. Аудитордук текшерүүлөрдүн жыйынтыгы, аныкталган финансылык тартип бузуулар жана мекеме тарабынан берилген сунуштар боюнча маалыматты депутаттарга Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов сунуштады.

Аудитордук иштер боюнча жалпы маалымат: 2024-жылы бекитилген жылдык планга ылайык, жалпы 88 аудитордук иш-чара жүргүзүлүп, алардын алкагында 1 848 түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөр текшерүүгө алынган. Алардын ичинде 1 150 бюджеттик мекеме, 351 чарба жүргүзүүчү субъект, 339 жергиликтүү бюджеттен каржылануучу мекеме жана уюм, ошондой эле 8 башка уюм камтылган.

Жылдык аудиттин жыйынтыгында Эсептөө палатасы тарабынан жалпы суммасы 13,1 млрд сомду түзгөн финансылык тартип бузуулар аныкталган. Бул сумма мамлекеттик каражаттарды жана мүлктү туура эмес пайдалануу, мыйзамсыз чыгымдар, начар пландаштыруу жана финансылык тартипти сактабастык сыяктуу себептерден улам келип чыккан. Анын ичинен 10,0 млрд сом же 76,3 пайызы калыбына келтирилген.

Аудитордук иш-чаралардын жыйынтыгында бузуулардын түрлөрү боюнча төмөнкүдөй көрсөткүчтөр аныкталган: бюджетти түзүү стадиясындагы бузуулардын жалпы суммасы 281,2 млн сомду түзгөн; бюджетти аткаруудагы бузуулардын жана кемчиликтердин суммасы 6,7 млрд сомду түзгөн; мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү пайдалануудагы бузуулар жана кемчиликтер 4,2 млрд сомго жеткен; эсеп жана отчёттуулук тартибиндеги бузуулардын көлөмү 1,8 млрд сомду түзгөн; мамлекеттик сатып алуулардагы мыйзам бузуулардан улам калыбына келтирилүүгө тийиш болгон сумма 123,1 млн сомду түзгөн; ченемдик-укуктук актыларды жана эл аралык макулдашууларды колдонуудагы жол-жоболук бузуулар менен укуктук коллизиялар 1,1 млн сом өлчөмүндө аныкталган.

Бул маалыматтар Эсептөө палатасынын мамлекеттик каржылык тартипти көзөмөлдөө багытындагы ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жана системалуулугун тастыктайт. Ошондой эле отчётто мамлекеттик каржыны башкарууну жакшыртуу, мыйзам бузуулардын алдын алуу жана ачык-айкындуулукту камсыз кылуу боюнча конкреттүү сунуштар берилген.

Комитеттин кароосунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2024-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө отчёт жактырылып, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына чыгарылары белгиленди.

Маалымат үчүн: Эсептөө палатасы – Кыргыз Республикасынын жогорку мамлекеттик аудит органы болуп саналат. Анын негизги функциясы – мамлекеттик бюджеттин жана мамлекеттик мүлктүн түз, максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышын көзөмөлдөө.

Тектеш кабарлар

Back to top button