Коом

Royal Central Park — муниципалитет жана коомчулук менен биргеликте шаардын келечекке болгон көз карашын түзүүдө

Жакында, Бишкек шаарындагы Novotel Bishkek мейманканасында “Сиз жашагыңыз келген шаардын кыялы” деген темада TED Talk өттү. Иш-чарага эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү, саясатчылар, бизнес лидерлер, ММКлар жана Бишкектин шаарын өнүктүрүүнүн келечегине кайдыгер карабаган тургундар катышты. 

Бул иш-чара RCA Living өнөктөштөрү менен биргеликте уюштурган «Бишкек 2025» тематикалык форумдарынын сериясынын башталышы. Максаты – өнүгүп келе жаткан шаарлардын жашоо сапаты боюнча актуалдуу  маселелерди көтөрүү, ошондой эле шаар куруу, ЖМК жана коомчулук чөйрөлөрүнүн көп кырдуу пикирлерин алмашуу – Кыргызстандын борбору үчүн жашоого ылайыктуу келечекти биргелешип түзүү болуп саналат.

Иш-чара уникалдуу интерактивдүү тажрыйба менен башталып – “эмоционалдык байланыш чекиттери”, мында коноктор шаар куруу моделдерине сүңгүп кирип, жашоочулардын каалоо такталары менен тааныша алышты, ошондой эле заманбап шаар турмушунун маданий тенденцияларын жана ритмдерин чагылдырган көргөзмөгө күбө болушту.

TED Talkтын негизги бөлүгү үч негизги тематикалык блокко бөлүнүп, спикерлер шаар тургундарынын  социологиялык маалыматтар, экологиялык изилдөөлөр жана жаш муундун керектөөлөрү боюнча маалыматтар менен бөлүштү. Негизги темалардын арасында: экологиялык шаар куруу боюнча жетектөөчү адис Дмитрий Перейславский «Шаардын жашыл мейкиндиктери жашоо сапатынын эң маанилүү ресурсу», биология илимдеринин доктору, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча адис, Айгүл Бекболотова  «Экология илиминин көз карашынан Бишкек шаарынын жашоо сапаты» темасындагы докладдары болду.

Кыргыз Республикасынын курулуш министрлигинин өкүлү курулуш тармагына чет элдик инвесторлорду мамлекеттик колдоо – Кыргызстандын шаар аймактарынын жаңы имиджин калыптандыруунун негизги факторлору тууралуу сөз сүйлөдү.

Ошондой эле Exclusive.kz сайтынын башкы редактору Семетей Аманбековдун “Массалык маалымат каражаттары – шаардыктардын ой жүгүртүүсүн өзгөртүүнүн ачкычы” деген темада баяндама жасады.

Форумдун жыйынтыктоочу бөлүгүндө RCA Living компаниясы «Роял борбордук паркы — мурасты калыптандырган ой жүгүртүү» эксклюзивдүү презентациясы менен тартууланды. Бул интеграцияланган All-in-One модели жана «Чексиздик агымы» шаарды өнүктүрүү философиясы боюнча ишке ашырылган Бишкек шаарындагы жашыл, акылдуу жана ыңгайлуу шаардын биринчи масштабдуу долбоору, анын борборунда адам турат, ал эми долбоордун идеясы экологиялык, маданий жана социалдык баалуулуктарды өнүктүрүү жана сактоо ортосундагы баланска негизделген.

Форумдун катышуучулары, коноктор ачыктык жана өз ара аракеттенүү атмосферасында спикерлер жана иштеп чыгуучулар менен түз баарлашууга, суроолорду берүүгө жана түз эфирдеги талкууларга катышууга мүмкүнчүлүк алышты.

Иш-чара ачык талкуу жана Бишкектин келечегин чагылдырган “Гүлдөгөн өмүр” көркөм спектакли менен жыйынтыкталды.

Бул форумга катышкан шаар тургундары жана атайын өкүлдөр борбор калаабызда жакынкы аралыкта курула турган шаарча тууралуу маалымат алып кайтышты.

TED Talk “Бишкек 2025” бул жөн гана профессионалдык иш-чара эмес, бул жөн гана жашоого боло турган эмес, чынында эле жашоого татыктуу борборду курууга – кыялданууга жана чогуу аракеттенүүгө чакыруу.

Эскерте кетсек, 2025-жылдын 12-июнунан 15-июнуна чейин RCA Living Вьетнамдын Ханой шаарына атайын FAMTRIP таанышуу сапарын уюштурду. Сапарга  Кыргызстандан 40тан ашык өкүл катышты, анын ичинде алдыңкы кыргызстандык ЖМКлар, алдыңкы кыймылсыз мүлк агенттиктеринин жетекчилери жана рынокту талдоо боюнча эксперттер барышкан. Программанын алкагында делегация ири масштабдуу шаардык долбоорлорго барышты — Times City жана Ocean Park  жана башка жаңы заманбап курулган комплекстерге  көрүштү. Бул комплекстер турак жай, саламаттыкты сактоо, билим берүү, соода жана оюн-зоок инфраструктурасы органикалык түрдө бирдиктүү мейкиндикте бириктирилген «шаар ичиндеги шаар» (бардыгы бир жерде) моделин ийгиликтүү ишке ашыруу болуп калды. Бул практикалык тажрыйбанын аркасында катышуучулар көптөгөн өлкөлөрдө жашоонун сапаты стандарттарын кайра аныктап жаткан шаарды өнүктүрүүнүн учурдагы тенденциялары менен визуалдык түрдө таанышып гана тим болбостон, жакынкы келечекте заманбап, ыңгайлуу жана туруктуу шаар мейкиндигине болгон каалоого жооп катары Бишкек шаарында интеграцияланган шаардык моделди колдонуу потенциалы жөнүндө так түшүнүк алышты.

Тектеш кабарлар

Back to top button